Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту


Бишкекте КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктары коргоо боюнча жалпы таанылган принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш-аракеттер каралган.
“Түркия Республикасында учурда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап эмгектенип жүрүшөт, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксаат алып иштешет, 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатышат, башкача айтканда, Түркия мамлекетиндеги жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болууда”,-деди Джаманбаева.
Акыйкатчылар Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган белгилүү учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине эскертүү берүүнү макулдашышты.
Шереф Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарынын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деп белгиледи.
“Эки өлкөнүн Акыйкатчы институттары алардын аймагында жүргөн өздөрүнүн жарандарынын укуктары бузулган учурда колдоо көрсөтүүгө макулдашты. Биз абдан маанилүү документке кол койдук, ал адам укуктары үчүн күрөшүүдө бизди күчтүү кылмакчы”,-деди Шереф Малкоч.

ff264b12 31ea 412b a1f9 c89aa1d7fb40 Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
3e531207 f588 437c 9524 844b9ee6248e Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту