
Ош шаарында сел жана жамгырдан кийин шаар тургундарына таза суу берүү токтотулбайт. Аталган маселе чечилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 31-августта Садыр Жапаров Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылган суу кампаны ишке киргизген. Суу кампасы 4 резервуардан туруп, алардын ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин Ошто сел жана жамгыр учурунда Ак-Буура дарыясынан алынган суу ылайланып, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, суу кампанын курулушу менен аталган маселе чечилди.
Суу кампаны салууга 194 млн сом сарпталган.

