“Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчуларын жеңди

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши аяктады.

Оюндун биринчи болүгүнүн 26 мүнөтүндө эсеп ачылып «Барса» Азия ардагерлеринин дарбазасына бир топ киргизген. Андан соң, тагыраагы 37 мүнөттө эсеп 2:0 болгон.

Ал эми оюндун экинчи бөлүгүнүн 40-мүнөтүндө Барселонанын легендалары 3-топту киргизди.

Ошентип беттеш 3:0 эсебинде «Барса» легендаларынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Азия ардагер футболчуларынын катарында президент Садыр Жапаров да оюн талаасына чыккан.

Ал эми беттештин башталышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салган.