Сойкулукка жана ыпластыкка үгүттөө фактысы боюнча кылмышка шектүү жаран кармалган

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сойкукананы жабышкан.

Буга чейин укук коргоо органдарына кайсы бир аял сойкулук менен байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.


Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгү «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интим-кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан саунанын администратору 1992-жылы туулган К.Ю. кармалган.


Кармалган жаран К.Ю. тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.