Блогер Арген Асанов милиция тарабынан кармалды

Казакстандагы “Бир болайык” шоу берүүсү аркылуу танылган Арген Асанов Ала-Тоо аянтында кечээ, 26-августта оюн уюштурган.

Анда жүз миң сом таратылмак. Асанов бир күн мурун жубайы Бекешова экөө соцтармактарда оюн боло тургандыгын билдиришкен.

Ала-Тоо аянтында митингдер, Эркиндик бульвары менен Темир жол вокзалынан Чүй проспектисине чейин жөө жүрүштөр, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин имараттарынын жанында митингдер, УКМК, ошондой эле Иван Панфилов атындагы паркта жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы коомдук бакчанын аймагында тыюу салынган.

Акцияларды Максим Горький атындагы аянтта гана өткөрүүгө уруксат берилген.

Белгилей кетсек, тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок.

92878efd 4e02 44f4 ab59 bda637370c75 Блогер Арген Асанов милиция тарабынан кармалды