Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт. 23-август кечки саат 18:00 чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонууда

Жеринде “Кыргыз авто жол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.