Жазуучу Олжобай Шакир УКМКда сурак берүүдө

Олжобай Шакир УКМКда сурак берип жатат. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Буга чейин журналист Аскер Сакыбаева ал жети сааттан бери дайынсыз болуп жаткандыгын жазып чыккан. 

“Олжобай Шакир 7 сааттан бери дайынсыз деп мага аялы Назгүл чалды. Үйүндө экөө гана жашачу. Назгүл эртең менен үйдөн жумуштап чыгып кеткен. Үйүнө келсе Олжобай жок, үй ачык, буюм-тайымдар ордунда. Олжобайга телефон чалса, адегенде гудок барып жаткан. Кийин такыр өчкөн. Кызыгы, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да келип, митинг боюнча билели деп күтүп отурушкан экен. Ошондо Олжобайды кайсы кызмат же кимдер алып кетти?”- деп жазган журналист. 

Белгилей кетсек, Олжобай Шакир социалдык тармактарда элди 31-август күнү митингге чыгууга чакырык жасаган.