Казакстанга өтүп кеткен 16 баш жылкыны милиция ээсине кайтарып берди

Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 1-август күнү Үч-Эмчек айылынын 1989-ж.т. Ж.уулу М арыз менен кайрылган. Анда 20-июль күнү Талас районуна караштуу Кең-Кол жайлоосунан жайылып жүргөн жеринен жоголуп кеткендигин билдирген. Билдирүү РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Талас РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Рыскулов районунун полициясынын начальниги подполковник Шалкар Даулеткулов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

“ОИИБдин жана РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен бирдиктүү иш алып баруунун негизинде Кең-Кол жайлоосунан жоголгон 16 баш жылкыны Казакстан Республикасынын Рыскулов районуна караштуу Кайыңды айылдык аймагынан таап, ээсине кайтарып беришти”, деп айтылат маалыматта.