Криминалдык авторитет Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Кримтөбөлдүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулганы көрсөтүлгөн.
«Кримавторитет Камчыбек Асанбек Казакстанда улуттар аралык кылмыштуу уюм түзүүгө шектелген. Кылмыш 2007-2009-жылдары жасалгандыктан аны кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен. Буга байланыштуу УКМК кылмыш ишин иликтөөнү токтотту», – деп билдиришти.
Эске салсак, Камчы Көлбаев 2020-жылдын 21-октябрында кармалган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча шектүү катары айып тагылган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен кримтөбөл үй камагына чыгарылган.