
Россиянын Иркутск шаарында Кыргызстандын жараны каза болгонун облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-августта Ангар дарыясынын жээгиндеги Квадрат көлүндө болгон. Кыргызстандык сууда сүзүүнү чечип, чөгүп кеткен.
Окуяга күбө болгондор анын сөөгүн суудан алып чыгышкан.
