Россиянын Иркутск шаарында Кыргызстандын жараны каза болгонун облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-августта Ангар дарыясынын жээгиндеги Квадрат көлүндө болгон. Кыргызстандык сууда сүзүүнү чечип, чөгүп кеткен.
Окуяга күбө болгондор анын сөөгүн суудан алып чыгышкан.
![suu ros Иркутск шаарында Кыргызстандын жараны сууга чөгүп кеткен](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/suu-ros.jpg)