Кыргызстандык балбан кыздар КМШ оюндарында үч медаль утту

Кыргызстандык балбан кыздар Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндарында үч медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Балбан кыздар бир алтын, бир күмүш жана коло байге уткан.

72 кг салмакта күрөшкөн Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды.

Ал эми 59 кг салмакта Бермет Нуридин кызы коло байгеге ээ болду.

Ошондой эле 62 кг салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга ээ болду.