Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эки жыл мурун тартылганбы? Милиция үн катты

Ысык-Көл облустук милициясы Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловду өлтүргөн деп шектелген 4 адамдын кармалган видеосун жарыялады. Бирок, аталган видео эки жыл мурун тартылганы айтылууда.

YouTube video

Облустук милиция бул боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди.

«Чындыгында сунушталган видеодо архивдик видеолор колдонулган, анткени Бостери айылындагы «Золотые Пески» пансионатынын жээгинде эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру түнкүсүн жүргүзүлгөндүктөн, кадрлардан абдан начар көрүнүп калган. Буга байланыштуу архивдик видео колдонулган. Бардык шектүүлөр кармалган жана Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган»,-деп билдиришти облустук милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган.

Министрликтен билдиришкендей, аталган иш президенттин, ички иштер министринин жана облустук милициянын башчысынын көзөмөлүндө болуп, ишти иликтөө тажрыйбалуу кызматкерлерден турган атайын топко жүктөлгөн.

Окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишти иликтөө учурунда кошумча күбөлөр аныкталган. Жалпы 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан.

«Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган: 32 жаштагы Б.Б. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу, Бостери айылынын 28 жаштагы Ж.Р., А.У. жана 29 жаштагы Э.А. аттуу тургундары. Шектүүлөрдүн үчөөсү мурда соттолгондор.

Шектүүлөр 2 айга тергөө абагына камакка алынды.

«Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекбол Аманкуловдун агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

image 9 4 Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эки жыл мурун тартылганбы? Милиция үн катты
image 9 3 Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эки жыл мурун тартылганбы? Милиция үн катты
image 9 5 Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эки жыл мурун тартылганбы? Милиция үн катты
image 9 6 Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эки жыл мурун тартылганбы? Милиция үн катты