2023-жылдын бирнчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча казинодон түшкөн салык 25 миллион 450 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Эске салсак, Кыргызстанда казинолорду иштетүүгө бүгүнкү күндө биринчи жана жалгыз лицензия май айынын башында берилген. Казино бул убакыт аралыгында 24 миллион 750 миң сом которгон. Анын 17 миллион сому өлкө бюджетине май айында, 7 миллион 750 миң сому июнда түшкөн.
Андан тышкары, казына дагы 700 миң сомго букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун эсебинен толукталган.