Комиссия диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө

Шаардык казыят тарабынан түзүлгөн атайын комиссия 11-августтан тарта шаардагы бардык диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин курулуш документтеринин тактыгына, санитардык жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышына, тазалыгына жана медреселердеги окуу программаларына көңүл бурулат.

Муфтияттын маалыматына караганда, текшерүү диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтомунун алкагында жүрүп жатат.

«Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө», – деп жазылган маалыматта.