
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө КДМБнын “Эдельвейс” кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен.
Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү.
Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.
Эске салсак, “Семёнов — Тянь-Шанский” чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.
