
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, аталган иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Азирет Сыдыков Бакай-Ата РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жаныбек Канзаманов жана кызмат боюнча орун басары Бактыбек Сарыбаев катышты.
Тактап айтканда, Бакай-Ата РИИБдин БМЖКККнын улук ыкчам өкүлү, ошондой эле өздүк курам жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте райондун Миң-Булак жана Боо-Терек айыл аймактарында болжолдуу түрдө 50 чарчы жер аянтынан 900 кг жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгү өрттөө жолу менен жок кылынды.
Бул иш-чара райондун бардык аймактарында өткөрүлүп, баңги заттарды жайылтууга жол берилбей, эл арасында анын жайылтуусуна бөгөт коюлууда.




