
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формалуу болуп, аны күн мурун расмий түрдө презентациялады. «Ак шумкарлардын» жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, күн мурун өткөн иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.
Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын Joma спорттук дүкөнүнөн жана КФС расмий сайтынан сатып алса болот.