Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 2023-жылдын 7-августунда болжол менен саат 21:12 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган материал боюнча тергөө тапшырмасынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1974 –жылы туулган А.Н. карата ыкчам-иликтөө амалдарын жүргүзүлө баштаган. Бул жаран бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген. Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү катары алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган.


2023-жылдын 7-августунда аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, А.Н. аттуу жарандан тинтүү убагында чолок шымынын оң чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заты алынган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2023-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон”
, – деп айтылат маалыматта.


Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйдүн эс алуу бөлмөсүнүн эмерегинин астында 1 даана ширенкенин кутучасы чыккан. Анын ичинде кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган.


Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” баңгизаты экени аныкталган.
2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде жаран А.Н. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

f0e6c2b7 a322 4531 b5d6 1d3a972286ea Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелген жаран кармалды