Таласта адамдагы вирустук инфекциялар тууралуу иш-чара болуп өттү

Адамдагы Вирустук Инфекциялардын жана кургак учук боюнча укуктук тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Талас ОИИБдин жана райондордун милициянын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын максаты Адамдагы Вирус Инфекция жана кургак учук менен жашаган адамдарга карата дискриминацияны жоюу багытталган. Ошондой эле калктын түйүндү топтору АВИ жана кургак учук боюнча гендердик зомбулукту жойуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзүү болуп саналат.

Адамдагы Вирустук Инфекциялардын жана кургак учук боюнча кызматтарга тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чарада комплекстүү укуктук анализдер жүргүзүлүп дискуссиялар жүргүзүлдү.
Ошондой эле кызматкерлерге ар кандай жугуштуу ооруларды жуктуруп албаш үчүн нускамалар берилип, кеңештер айтылды. Кызматкерлер үчүн пайдалуу жана керектүү тренинг болду.

20d0e20f 0f0a 4b8c 949b 465997a75dde Таласта адамдагы вирустук инфекциялар тууралуу иш-чара болуп өттү
1d6e1f3f 7557 4265 9bc5 7334322f8bd1 Таласта адамдагы вирустук инфекциялар тууралуу иш-чара болуп өттү