Жол жээкте турган жөө адамды сүзгөн окуя боюнча тергөө жүрүүдө

Бишкекте жөө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-август күнү саат 06:30дар чамасында болгон. «Хонда-Фит» унаасынын айдоочусу Анкара көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Виноградный көчөсүнүн кесилишинен өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып, жол жээкте турган жөө адамды сүзгөн.

«63 жаштагы жөө жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон. Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.