
Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.