Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.
Учурда шайлоого катышуу арызын бергендердин саны 11ге жетти.
Шайлоо ушул жылдын 10-сентябрына белгиленген.
Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:
- Эртай Искаков
- Аскар Алмаз уулу
- Эркин Бөлөкбаев
- Роман Ремнев
- Турсунбай Бакир уулу
- Куттубек Асылбеков
- Назарбек Нышанов
- Сулайман Мамаев
- Токтогул Какчекеев
- Жаныбек Абиров
- Русланбек Тагаев
Эскерте кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.