Эмгек министрлиги адам сатууга каршы маалыматтык стратегия иштеп чыкты

Эмгек министрлиги адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө арналган тегерек столдо билдирди.

«Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Эмгек министрлиги адам сатууга каршы күрөшүүнүн маалыматтык стратегиясын иштеп чыкты. Стратегияда жабыр тарткандарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ала турган кызматтар жөнүндө маалымат берүү маселелерине өзгөчө орун берилет.  2022-2026-жылдарга карата адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

2022 — жылы адамдарды сатуунун 6 курмандыгы социалдык реабилитациядан жана социалдык интеграциядан өткөн.