Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдарды куткарып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-июль күнү үч өспүрүм көлдө үйлөнмө матрацтары менен сүзүп жүрүшкөн.
“Бул учурда алардын ата-энелери жээкте эс алып жатышкан. Капысынан көтөрүлгөн катуу шамал жана бийик толкундар, балдарды тез арада жээктен бир чакырым алыс алып кеткен. Алар, көлдүн бул аймагында көп кездешкен суу агымына кабылган.
Бактыга жараша, өспүрүмдөр көлдүн толкунунун күчүн толук биле электе, аларга тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен жетип, жилеттерди балдарга кийгизишип, аларды көлдүн жээгине чыгарышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык маекти өткөрүштү.