ЖК депутатын шайлоого катышууну каалагандардын саны 9га жетти

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга кайрылгандардын саны тогузга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКга Сулайман Мамаев менен Токтогул Какчекеевден арыз түшкөн. Мамаев Айыл чарба министрлигинде илимий кызматкер болуп иштейт, ал эми, Какчекеев — аскер ардагери.