
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 21-июлда Ташкент-Тамчы багытындагы учак келип конду. Учакта 144 адам учуп келип, кайра 44 жүргүнчү учуп кеткен.
Өзбекстандын Centrum Air аба компаниясынын учагы аталган багыт боюнча аптасына бир жолу — жума күндөрү каттап турат.