Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады,

 

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери алдын ала ыкчам маалыматтардын негизинде дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашты. Тажикстандын жараны 51 жаштагы Х.А. менен Лейлек районунун тургуну 37 жаштагы Э.М. өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен. Коңшу мамлекеттин жараны 51 жаштагы Х.А. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Э.М. аттуунун автоунаасына түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган.

Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча УКМКга жөнөтүлдү.

923dd310 7550 46fd a92f 0603e45c271b Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды
ef6cf5f5 22ee 4839 a8d6 dfcd1df1cc25 Лейлекте аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды