Таласта суу кырсыгын алдын алуу иши жүргүзүлүүдө

Жай мезгили болгон соң, күндүн ысык аптаптуу күндөрүндө жарандар суу жээктерине эс алууга чыгууда.

Талас РИИБдин кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте суу кырсыгын алдын алуу боюнча рейддик иш-чарасы болуп өттү. Бул маалыматты Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө Талас районунун Долоно, Көк-Ой жана Кырк-Казык айыл аймактарында орун алган ири суу каналдар жана көлмөлөр текшерилип, жарандарга жана ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.

“Ошондой эле сууга түшүү боюнча нускамалар берилип, кооптуу агын суу жээктерине барбаш керек экенин эскертишти. Суу кырсыгын болтурбоо максатында областтын бардык ички иштер бөлүмдөрүндө жана аймактарда түшүндүрүү иштери уланууда. Кооптуу жерлерге табличкалар илинип, өтө кооптуу жерлерге баруучу жолдор өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жабылган“, – деп билдиришти облустук милициядан.

dbfedb87 528c 41c3 98a9 d98d4fdd163f Таласта суу кырсыгын алдын алуу иши жүргүзүлүүдө
98fe2058 c458 4e9e b63e afe0f44b91dd Таласта суу кырсыгын алдын алуу иши жүргүзүлүүдө
c7e89a4d aeaf 4846 8d7a 0dc6d088ee80 Таласта суу кырсыгын алдын алуу иши жүргүзүлүүдө