Бишкекте мектептердин биринин короосунда асынган абалда табылган 37 жаштагы жаран кат калтырып кеткен. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазышты.
Белгилүү болгондой, аталган жаран хореограф болуп иштеген. Ал калтырып кеткен катында өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын жазган.
Эскерте кетсек, 5-июлда саат 09:14тө «102» кызматына шаардагы мектептердин биринин түндүк-батыш тарабындагы секичеде (крыльцо) эркек киши өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция аныктагандай, маркум 37 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Ага кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жаракаттар табылган эмес.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.