
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айыл аймагында мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөрдү аныктоо боюнча рейд өтүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренаждык тармактарга куюлары аныкталды.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга Укук бузуу кодексинин 246-беренесинин негизинде 4 протокол түзүлүп, 22 миң сом айыппул салынды.