Ысык-Көлдө 40 тонна кара куурай жок кылынды

Ысык-Көлдө «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Иш-чара Ысык-Көл облустук милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Баңги өсүмдүгүн жок кылуу максатында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай 20 гектардан ашык аянттан кол жана механикалык жол менен чабылган. Андан кийин ал жеринде өрттөлүп жок кылынган.