
Сауд Арабиянын Жидда шаарынан Ош шаарына түз аба каттамын ачуу пландалууда. Каттамдарды арабиялык Flynas авиакомпаниясы аткарат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айынан тарта Оштон Сауд Арабияга каттамдарды ачууну көздөп жатат. Биринчи рейс 21-августта аткарылары күтүлүүдө. Жиддага каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына үч жолу аткарылат.
Ош эл аралык аэропортунан Жидда шаарындагы Король Абдулазиз эл аралык аэропортуна биринчи жолу туруктуу негизде каттамдар аткарылат.