ВИДЕО: Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Чач» каймана аттуу жаран кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган. Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда кармалган жаран баңгизатын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. КР УКМК кармалган М.Э.М.дин кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

chacha 1 ВИДЕО: Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Чач» каймана аттуу жаран кармалды