ИИМдин кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте «мефедрон» психотроптук затты жүгүртүү каналын жабуу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмактагы 6 кг.,«мефедрон» психотроптук затты алышты.
“Мындан тышкары, кармалган жарандан КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкеринин жасалма документи алынган.
Аталган факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок.
Мефедрон психотроптук затынын 40 000 ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, деп айтылат маалыматта.

d82729f4 e6d9 4cd9 929a c7ed2cf57dac ИИМдин кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты

192f9c5e 0456 444b bcc3 5c9801661908 ИИМдин кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты
23cc70a2 e883 4f5d 9986 d62b7ac12db9 ИИМдин кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты
db403356 222a 48bd be47 3bb22195cc37 ИИМдин кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты