КУУнун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш.Д. окуудан чыгарам деп коркутуп, жогоруда аталган окуу жайдын 1-курсунун студентинен акча талап кылган.

Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн А.Ш.Д. 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган.
А.Ш.Д. атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.