
ИИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 5-июлунда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды.
Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.