
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-июнда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.
Каттамдар жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Каттамдар 31-августка чейин каттайт.