«Манас» аэропортунда жаңы авиакомпания түзүлдү

«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКсы «Асман Эйрлайнс» аталыштагы жаңы авиакомпания түздү.

Кыргыз фондулук биржасы билдиргендей, «Асман Эйрлайнстын» юридикалык дареги: Бишкек шаары, «Манас» аэропорту.

Жаңы авиакомпаниянын башкы директорунун милдети Жолдошбек Айдаралиевге жүктөлгөн.