Шевченко кайрадан мексикалык Алекса Грассо менен күч сынашат

«UFC» уюмунун мушкери Валентина Шевченко качан октагонго чыгары белгилүү болду.

Эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Шевченко кайрадан мексикалык Алекса Грассо менен күч сынашат. Чемпиондук кур үчүн беттеш 17-сентябрда АКШнын Парадайз шаарында өтөт.

Шевченко менен Грассо буга чейин АКШда 5-мартта мушташкан болчу. Ал беттеште Грассо 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке ээ болуп, Шевченкодон чемпиондук курду тартып алган.