
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык Асман шаарынын курулушуна капсула салуу аземи өтүп жатат.
Ири долбоордун курулушуна президент Садыр Жапаров капсула салат.
Буга чейин Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарындагы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып Асман шаарынын долбоорун, кагаздарды даярдоого 1,5 жыл убакыт кеткенин айткан.
«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда капсуласын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деген ал.
Жапаров билдиргендей, Асман шаарын сырттан келген инвесторлор курат.