
Парламенттин бүгүнкү жыйынында 50 маселе каралды. Анын ичинен бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, “Элдик курултай” мыйзамы колдоо тапты. Ошол эле учурда 10го жакын мыйзам долбоору артка кайтарылды.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы КРнын гимни менен жабылды.
Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында кайра өз ишин башташат.