Маршрутта жаш баласы менен кетип бараткан үй-бүлө телефонун уурдатып жиберди

Бишкекте бүгүн, 28-июнда, 135-маршруттук каттамда жаш баласы менен кетип бараткан үй-бүлө кол телефонун уурдатып жиберген. Бул тууралуу күбө билдирди. Окуя болжол менен Чүй проспектиси менен Алмаата (Чыгыш-5) көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анын айтымында, ага чейин оронгон кыздар салондон бир түшүп, бир түшпөй жатышкан. Алар чыккандан кийин телефонун таппай калгандар бушайман болуп калышты. Дароо эле уурдалган телефонго чалышканда, маршруткадан телефондун үнү чыккан эмес.