ИИМ: Курман айтта милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашат

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында, 28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат.

Ошондой эле, 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.