
Биринчи Май райондук соту мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Соттун чечимине ылайык, Бейшеналиев 24-сентябрга чейин үй камагында болот.
Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып, былтыр 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген.
Бейшеналиев коюлган айып менен макул эместигин айткан.