ТИМ: Орусияда калайман мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алды

Орусиянын Иркутск облусундагы калайман мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 500дөн ашуун адам катышкан мушташта беш кыргызстандык жаран түрдүү жаракат алган, бир адам ооруканага жаткырылган.Учурда Орусиядагы элчилик жабыркаган кыргыз жарандары менен байланышып, укуктук жардам берип жатканын маалымдады.

 “Элчиликтин консулу Иркутск шаарында окуя болгон жакка барып, жергиликтүү укук коргоо кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугат жана кыргызстандык жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтөт”, -деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, калайман мушташ фактысы боюнча Орусиянын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнда Орусиянын Иркутск облусундагы Жигалов районундагы газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын ортосунда калайман мушташ чыккан. 

Орусияда Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан барган эмгек мигранттары көп. Бастрыкин ачыктаган маалымат боюнча, Орусияда ар башка өлкөдөн келген 14,5 млнго чукул мигрант бар.