“Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам долбоору тармактык комитеттин күн тартибинен алынды

Жогорку Кеңештин юристи Таттубүбү Эргешбаева “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам долбоору тармактык комитеттин күн тартибинен алынганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин, комитеттин жыйыны 27-июнда өтөт. Буга чейин “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору графикке киргизилген. Комитет мүчөлөрү аны биринчи окууда карашы керек болчу.

 Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты демилгелеген. Бирок кийин бул мыйзам долбоорун бир нече депутат демилгелөөдөн баш таркан.

Алардын арасында аткаруу бийлигин ар дайымкы тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов бар.

Түзөтүүлөр Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.