
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы эркектер арасында CAVA улуттук лигасында күмүш медалга ээ болду.
Маалым болгондой, турнир Чолпон-Ата шаарында өттү. Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия жана Непалдан келген командалар катышты. Ошондой эле Кыргызстандын жаштар курамасы жетинчи команда катары чыкты.

