Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыкты

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сот укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу жабык каралды. Иш дээрлик 8 ай тергелип сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгону белгилүү.

Бүгүнкү күнгө чейин кармалган 27 кишинин 16сы абакта жаткан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова калган. Ал эми 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

IMG 20230623 WA0027 Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыкты