Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевич Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.